Skip links
init.arabaev@mail.ru+(312) 66-03-47 | 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков 51 А

Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

Студенттик бейтапкананын ден-соолукту чыңдоо бөлүмүнүн дарыгери Токтогулова Анархан Молдобековна, Иманкулова Жибек Абдылдаевна жана врач терапевт Джантелиева Чолпон Талантовна «ВИЧ жана СПИДди алдын алуу» деген тема боюнча Жаңы маалыматтык технологиялар институттунун кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн 1-курстарына семинар өтүштү. /> Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү  ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн.Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган