Skip links
init.arabaev@mail.ru+(312) 66-03-47 | 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков 51 А

ЖМТИ жалпы профессордук окутуучулар жамааты Кыз-жигит Сармерден оюну уюштурулду.

Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун жалпы профессордук окутуучулар жамааты Кыз-жигит Сармерден оюну уюштурулду. Сармерденде оюнун баштоо ирээтинде аластоо, Манас айтуу менен баштап, Кыз узатуу салттын чагылдырып, тойдун башы деп Сармерден айтышын башташты. ЖМТИнин окутуучулары обондуу ырларды ырдап, бий бийлешип, макал айтышып, табышмак катышып, жана жаңылмачтан күчүн сынашты. Сармерден бул байыркы көчмөн кыгыздардын арасына кеңири тараган салттык ырдоо  сарменден нечендеген кылымдарды басып, нечендеген доорлорду аралап, бабадан атага, балага, өбүрө, чөбүрөгө өтүп, ооздон оозго көчүп, бүгүнкү күнгө чейин жашоосун улантып келет. Утурлай кыргыздын каада салттын даңазалап жана биримдиктин, ынтымактын, достуктун символу катары окутуучулар жамааты таланттарын жогорку деңгээлде тартуулашты. Ошондой Жаңы маалыматтык технологиялар институту Сармерден оюнун Мамлекеттик тил жана маданият институна өткөрүп беришти.