Skip links
init.arabaev@mail.ru+(312) 66-03-47 | 720026, Бишкек шаары, И. Раззаков 51 А

КМУда ЖМТИнин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 2-курсунун өндүрүштүк практикалык отчеттук конференциясы өттү

Жаңы маалыматтык технологиялар институту орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 2-курсунун ПОВ-11-22, ПОВ-12-22, ПИ-11-22, А-11-22 тайпалары өндүрүштүк практикалык отчеттук конференциясы болуп өттү. Конференцияга жумуш берүүчү «Мелон Про» жоопкерчилиги чектелген коомунун менеджери Кубанычбек уулу Жоламан, ЖМТИнин директору У.Т.Керимов, институттун практика жетекчиси А.А.Бузурманкулова, орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн практика жетекчиси Н.Ш.Осмонова жана практика жетекчилери катышышты. Өндүрүштүк практиканы студенттери Кыргыз Республикасынын жогорку соттун сот департаментине караштуу «Адилет» маалыматтык технологиялар мекемесине, «Мелон Про» жоопкерчилиги чектелген коомуна, Ат-Башы ГЭСине, Финка банк ЖАКуна, №98 байланыш жана маалыматтык технологиялары кесиптик лицейине, «Капитал+» микрокредиттик мекемесине, «Коммерциялык банк Кыргызстан» ЖАКуна, «ДОСкредо банк» ААКуна, Мурас спорт ЖЧКуна жана башка мекемелерге практикасын өтөп келишти. «Капитал+» микрокредиттик мекемесине өтөп келген ПОВ-11-22 тайпасынан Шералиев Алишер Алибаевич ыраазычык катын жолдошту, «Мелон Про» жоопкерчилиги чектелген коому Жумабеков Темирбекке ыраазылык билдүрүү менен эмгек келишим түзүүгө чакырды. «Мелон Про» жоопкерчилиги чектелген коомунун менеджери Кубанычбек уулу Жоламан ЖМТИнин ОКБББнүн жамаатына ыраачылык билдирди.