Бүгүн, 4-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Информатика күнүнө” карата INITEXPO – 2024 Маалымат жана коммуникация технологиялары көргөзмөсү өтүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн квалификациялык иштеринин жыйынтыктарын
жана инновациялык идеяларын сунуштап, мектеп окуучулары жана коноктор үчүн көргөзмөлөрдү
өткөрүшүүдө. Ошондой эле, жумуш берүүчүлөр менен байланыш түзүү максатында тегерек стол уюштурулууда.
Комментарии (0)