Бүгүн, 4-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Информатика күнүнө” карата INITEXPO – 2024 Маалымат жана коммуникация технологиялары көргөзмөсү өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн квалификациялык иштеринин жыйынтыктарын жана инновациялык
идеяларын сунуштап, мектеп окуучулары жана коноктор үчүн көргөзмөлөрдү өткөрүштү. Ошондой эле, жумуш
берүүчүлөр менен байланыш түзүү максатында тегерек стол уюштурулду.
Иш-чаранын соңунда активдүү катышуучуларга сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.
Бул иш-чара университеттин инновацияларды жайылтуу жана келечек муундун технологиялык билимин өнүктүрүү
максатына багытталган.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Комментарии (0)