2024-жылы 25-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгына карата педагогика илимдеринин кандидаты, доцент
Дайырбек Карагуловдун жаркын элесине арналган “Заманбап билим берүүдөгү перспективдүү маалыматтык
технологияларды жана методдорду практикада колдонуу” аталышында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Д.Карагуловдун жаркын элесине арналган илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева,
Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, Жаңы маалыматтык
технологиялар институтунун директору Улан Керимов, ЖМТИнин профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Дайырбек Карагуловдун жаркын элесине арналган
видеоролик презентациялнды.
Ошону менен бирге, иш-чаранын алкагында Жаңы маалыматтык технологиялар институтунда Дайырбек Карагулов атындагы окуу-методикалык кабинетинин ачылышы өттү.
Комментарии (0)