2024-жылдын 28-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Жаңы маалыматтык технологиялар,
Табигый илимдер жана туризм, Педагогика жана психология институттардын студенттери үчүн программист-тренер Бактыгул Атаев “Билим берүүдөгү Сингапур методикасы” аталышында семинар өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Сингапур методикасынын өзгөчөлүктөрү жана анын билим берүү процессиндеги натыйжалуулугу
боюнча маалымат берилди. Иш-чара студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга жана заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө багытталган.
Семинар КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Комментарии (0)