И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткө

Дата публикации: 17 Фев 2025

Автор: ИНИТ

31

2024-жылдын 7-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 5-октябрь Мугалимдер күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 

салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректору Раушанбек 

Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик 

тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Административдик – чарба иштери боюнча проректору Бакбур Исаев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева мугалимдерди куттуктап, 

билим берүүгө кошкон салымы үчүн мугалимдерге Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Мугалимдердин эмгеги жана тарбиялык иштерине арналган видеоролик көрсөтүлүп, концерттик программа менен 

коштолгон маданий бөлүктө болсо, белгилүү артисттер жана студенттер тарабынан даярдалган музыкалык номерлер 

көрүүчүлөргө тартууланды.

Назад к новостям

Комментарии (0)

Оставить комментарий