2024-жылдын 14-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде DIGITAL NOMAD IT окутуу борборунун
программист-тренери Талгат Мендеков «IT тармагына жумушка орношуу үчүн көндүмдөр» аталышында
конок-лекция өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө программист-тренер Талгат Мендеков IT тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, кеңештерин берди.
Конок-лекцияда студенттер IT чөйрөсүндө карьера түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат алышты.
Лекциянын негизги максаты – студенттерди IT тармагындагы ишке орношуу үчүн зарыл болгон көндүмдөр менен тааныштырып, алардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу.
Конок-лекция Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.
Комментарии (0)