Жаңы маалыматтык технологиялар институту
(2002-2016-жж.).
. И. Арабаев атындагы КМУнин ректорунун №79\5 2002-жылдын 3-апрелинин буйругу менен Физика, математика жана информатика факультети Жаңы информациялык технологиялар институту болуп ѳзгѳрдү.
. Анын биринчи директору болуп ф-м.и.к., доцент Султанов Раимбек Касымович дайындалган. Кийинки жылдары институтту: ф.-м.и.д., профессор Саадабаев Аскербек Саадабаевич (2004-2005-жж.); ф-м.и.к., доцент Арынов Темиркул Асанбаевич (2005-2010-жж.); ф-м.и.д., профессор Калдыбаев Кадырбек Абдылдаевич (2010-2012-жж.), ф-м.и.к., доцент Кутанов Алымбек (2012-2013жж.), п.и.д., профессор Алиев Шаршеналы (2013-2016-жж.) жетектеп келишкен.
ф-м.и.к., доцент Султанов Р.К. | |||
ф-м.и.д., проф. Саадабаев А. | ф-м.и.к, доцент Арынов Т.А. | ф-м.и.д., проф. Калдыбаев К.А. | п.и.д., проф. Алиев Ш.А. |
. Бул жылдар аралыгында физика–математика–информатика жана колдонмо информатика адистиктерин даярдоодо активдүү катышып, биздин студенттерге таалим-тарбия жана жаштар арасында илим-изилдөө иштерин жүргүзүүдө белгилүү окумуштуу-окутуучуларыбыз эмгектенишкен, алар: п.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корр., КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын ээси Бекбоев Исак Бекбоевич; ф-м.и.д., профессор, КР УИАнын академиги, КР илим жана техника боюнча үч жолку мамлекеттик сыйлыгынын ээси Бөрүбаев Алтай Асылканович; ф-м.и.д., профессорлор Жолдон Саламатов, Асанбек Айылчиев, Акылбек Керимбеков, Аскарбек Саадабаев, Кадырбек Калдыбаев, Таалай Каракеев, Болот Бийбосунов; п.и.д., профессорлор Шаршеналы Алиев, Канышай Төрөгелдиева; ф-м.и.к., доценттер Раимбек Султанов, Темиркул Арынов, Нурали Тойчиев, Темир Акбеков, Арзыбек Кененбаев, Болот Рыскелдиев, Абалкан Баетов, Кулзат Токомбекова сыяктуу көптөгөн тажырыйбалуу окутуучуларды белгилөөгө болот.
. Жаңы информациялык технологиялар институту учурунда адистиктерди жана жаңы муундагы мамлекеттик стандартка ылайык профилдер боюнча бакалаврлар-магистрлерди даярдоо иши жөнгө салынган. Алардын окуу-тарбия процессин тейлөө үчүн 5 кафедра иш алып барган, алар:
- Математика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы. Кафедра башчысы ф-м.и.к, проф.м.а. Ыбыкеева Ж.Ы. (2000-2003-жж.), андан кийин п.и.д., профессор Төрөгелдиева К.М.;
- Физика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы. Кафедра башчысы ф.-м.и.к., доцент Токтогулов М.Т. ф.-м.и.к., доцент (2002-2003-жж.); ф.-м.и.к., доцент Тойчиев Н. (2003-2005-жж.); ф.-м.и.к., доцент Акбеков Т.М. (2005-2009-жж.); т.и.к., доц. Токонбекова К.Ч. (2009-2016-жж.);
- Жогорку математика кафедрасы. Кафедра башчысы ф.-м.и.к., доцент Рыскелдиев Б.М. (2002-2004-жж.), ф.-м.и.к., доцент Дыйканов С.К. (2004-2006-жж.), ф-м.и.к., профессор Кутанов А.К. (2006-2012-жж.), доцент Баетов А.К. (2012-2013-жж.), профессор Алиев Ш.А.(2013-2016-жж.).
- Информатика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы. Кафедра башчысы ф-м.и.к., доц. Бекболотов Д.Б (2002-2015-жж.), андан кийин т.и.к., доцент Курманбек уулу Т. (2015-2016-жж.);
- Колдонмо математика жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо кафедрасы. Кафедра башчысы ф.-м.и.к., доцент Каракеев Т.Т. (2002-2008-жж.), ф.-м.и.д., профессор Бийбосунов Б.И. (2008-2013-жж.), ф.-м.и.к., доценттин м.а. Бексултанов Ж.Т. (2013-2016-жж.).
. Институттун бул кафедраларында 4 илимдин докторлору, профессорлор, 12 илимдин кандидаттары, доценттер жана бай тажырыйбалуу окутуучулар эмгектенишкен. Алардын катарында ф-м.и.к., Алымбек Кутановду, мамлекеттик сыйлыктын ээси Калыгул Жусуповду, Светлана Артыкованы, Дүйшөнкул Бекболотовду, ф-м.и.д., профессор Болот Бийбосуновду, п.и.д., профессорлор Шаршеналы Алиевди, Канышай Төрөгелдиеваны, п.и.к., доц. Дайырбек Карагуловду, техн.и.к., доц. Күлзат Токонбекованы жана өзүбүздүн факультетти бүтүрүшкөн жаш окумуштуу-окутуучулар п.и.к. Назгүл Сагыналиеваны, Гүлмира Чокоеваны, ф-м.и.к. Жылдыз Асанованы, Жеңиш Бексултановду, тажырыйбалуу доценттер Ырыс Кыдырованы, Абалкан Баетовду, Үзенбекова Уулбүбүнү, Сабырбюбю Аманжолованы, Күлүйпа Асылбекованы, Мариябүбү Анарбекованы, ага окутуучулар Асылбек Бегалиевди, Марапат Авдувасиеваны, Жоомарт Чырчыкбаевди, Тойчубек Шамшиевди, Жолдош Мокешовду, Уланбек Эсенгуловду, Улан Керимовду, Жамила Солтонкулованы, Жумадил уулу Аманды, Жылдыз Барганалиеваны, Нурзат Асанбекованы, Гульмира Султанбаеваны, Кадырбек Ачакеевди, Рейна Тайырованы ж.б. окутуучуларыбызды сыймыктануу менен атоого болот.
. «Институтта илим-изилдөө иштери туруктуу өнүгүү жолуна коюлган. Илим-изилдөө иштери негизинен эки багытта, биринчиси: физика, математика, колдонмо математика жана информатика илимдеринин фундаменталдуу проблемалары; экинчиси: физика, математика, информатиканы окутуунун дидактикасынын маселелери боюнча жүргүзүүүдө. Бул алкакта, биздин окутуучулар тарабынан илимдин доктору, кандидаты даражасына диссертациялар корголуп, доцент, профессор делген илимий наамдарга дагы татыктуу болушууда. Биздин окутуучулар бир нече монографияларды, ондогон окуу китебин, окуу-методикалык көрсөтмөлөрдү, илимий-методикалык макалаларды мезгилдүү басмаларда басып чыгарышууда. Илимге кызыгуу менен анын татаал жолуна түшкөн жаш окутуучуларыбыздын бул багытта келечеги дагы алдыда. Ошондуктан, коомдо билим берүү канчалык зарыл жана түбөлүктүү болсо, анын алкагындагы физика-математикалык билим берүү дагы жашоо зарылчылыгына жараша түбөлүктүү бойдон кала берет деген терең ишенимдемин. Бул чексиз жана үзгүлтүксүз процессти баштап берген биздин улуу муундарыбыздын зор эмгегин татыктуу улоо менен, мекенибиздин келечеги болгон жаштарга физика-математикалык билим берүүгө дагы «ийне менен кудук казгандай» эле талыкпастан аракеттер жасала берээрине Жаңы информациялык технологиялар институтунун ынтымактуу жана келечектүү жамаатынын атынан ишендирип кетүүгө болот. Ал эми институттун жамаатына чың ден-соолук, узак өмүр, үй-бүлөдөгү бакубат турмуш, педагогдук кесибиндеги жана илимий-чыгармачылык иштериндеги албан ийгиликтерди каалайм.» — деп жазган, институттун ошол учурдагы директору, п.и.д., профессор Алиев Шаршеналы Алиевич.
Жаңы маалыматтык технологиялар институту
(2023-жылдан азыркы күнгө чейин)
. И. Арабаев атындагы КМУнин ректорунун №01-8/335 2023-жылдын 30-майындагы буйругу негизинде Жаңы информациялык технологиялар институту (Институт новых информационных технологий) ачылды, курамына Гуманитардык колледждеги Маалыматты иштеп чыгуунун жана башкаруунун автоматташтырылган системалары (тармактар боюнча); Колдонмо информатика; Компьютердик жана автоматташтырылган тутумдарды программалык камсыздоо адистиктер; Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетиндеги бакалавриат: Физика-математикалык билим берүү багытынын информатика профили; Маалыматтык системалар жана технологиялар; Программалык инженерия; Информатика жана эсептөө техникасы багыттары; Магистратура: Колдонмо информатика; Маалыматтык технологиялар программалары киргизилди.
. Жаңы информациялык технологиялар институтунун директору болуп техника илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Керимов Улан Турсунбекович дайындалды.
. Жаңы информациялык технологиялар институту учурда адистиктерди жана жаңы муундагы мамлекеттик стандартка ылайык профилдер боюнча орто кесиптик билим берүү багыттары, бакалаврларды, магистрларды даярдоо иши жөнгө салынган. Алардын окуу-тарбия процессин тейлөө үчүн кафедра жана бөлүм иш алып барат, алар:
- Колдонмо информатика кафедрасы. Кафедра башчысы ф-м.и.д., т.и.д., профессор Бийбосунов Б.И. (2017-жылдан бери). Колдонмо информатика кафедрасы Информатика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы жана Колдонмо математика жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо кафедрасы негизинде Колдонмо информатика кафедрасы түзүлгөн. Информатика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы. Кафедра башчысы ф-м.и.к., доц. Бекболотов Д.Б (2002-2015-жж.), андан кийин т.и.к., доцент Курманбек уулу Т. (2015-2016-жж.);
. Колдонмо математика жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо кафедрасы. Кафедра башчысы ф.-м.и.к., доцент Каракеев Т.Т. (2002-2008-жж.), ф.-м.и.д., профессор Бийбосунов Б.И. (2008-2013-жж.), ф.-м.и.к., доценттин м.а. Бексултанов Ж.Т. (2013-2016-жж.).
- Орто кесиптик билим берүү бөлүмү. Бөлүм башчысы Сейтказиева Н.С. (2023-жылдан бери).
. Институттун колдонмо информатика кафедрасында 4 илимдин докторлору, профессорлору, 10 илимдин кандидаттары, доценттери жана бай тажырыйбалуу окутуучулар эмгектенишет. Алардын катарында профессорлор: т.и.д., профессор, УИА мүчө корреспонденти Улан Бримкулов, ф-м.и.д., т.и.д., профессор Болотбек Бийбосунов, ф-м.и.д., профессор Асангул Алымбаев Алымбек, т.и.д., профессор Талантбек Курманбек уулу, тажырыйбалуу доценттер: ф-м.и.к., доцент Баратбек Сабитов, э.и.к., доцент Калыбек Чороев, т.и.к., доцент Кабулжан Юсупов, э.и.к., доцент Салтанат Бийбосунова, соц.и.к., доцент Алтын Кашкароева, ф-м.и.к., доцент Элзарбек Эшаров, университеттин бүтүрүүчүлөрү ф-м.и.к., доцент Жениш Бексултанов, т.и.к., доцент Улан Керимов, ф-м.и.к., доцент Нурзат Асанбекова, п.и.к., доцент Гулмира Султанбаева, ага окутуучулар: Айгуль Бузурманкулова, Уланбек Эсенгулов, Айнура Жолборсова, Айзада Исманова, Сайкал Сейдрахманова, Айжамал Төлөмүшова, Жылдыз Барганалиева, Кадырбек Ачекеев, Максаткуль Садырова, Лира Садыкова, Чолпон Смайылбек кызы, Нуршат Турдукожо кызы, окутуучулар: Кубан Мукудин уулу, Назгул Турарбекова, Айпери Султанакунова, Барчын Иса кызы, Бакытбек Жумагулов ж.б.
. Ошондой эле орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө п.и.к., доцент Анархан Турдакунова, Назгуль Сейтказиева, Назира Осмонова, Чынара Тыналиева, Айгуль Бакманова, Айсулуу Жумаева, Айгуль Масиянова, Сахинур Ниязмаметова, Талгарбек Ниязбеков, Табылды Анарбаев, Жазгул Акимбек кызы, Эдил Руслан уулу, Майрам Кудайберген кызы, Бермет Токтотемирова, Нуркыз Толонбаева, Баян Токтомуш уулу ж.б.
. Жаңы информациялык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча директордун орун басары Ачекеев Кадырбек Сталбекович билим берүү тармактары жана информациялык технологиялар боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүп келет. Ал учурда окуу процессин бакалавр/магистратура боюнча методист Токтотемирова Бермет Жаныгуловна жана колледж боюнча методист Исагулова Бермет Каниметовна, диспетчер Нуркыз Толонбаевна, инженер-программист Токтомуш уулу Баян тейлеп келишет.
Баардык профессордук окутуучулар жамаатын сыймыктануу менен атоого болот.