И. Арабаев атындагы КМУда Билим күнү салтанаттуу белгиленди
Бүгүн, 2-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Билим күнү салтанаттуу белгиленди. Иш-чара И. Арабаевдин айкелине гүл коюу аземи менен башталды. Университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева профессордук-окутуучулар курамын жана студенттерди Эл аралык Билим күнү менен куттуктады.Ректор Айгүл Төлөковна өз сөзүндө, университеттин босогосун жаңы аттаган 1-курстун студенттерине акыл-насааттарын айтып, аларды окууда мыкты жетишкендиктерге жетүүгө чакырды. Ошондой эле, ал университеттин тарыхын жана анын азыркы жетишкендиктерин баса белгилеп, студенттерге алдыңкылар катарында болууну каалады. Салтанаттуу иш-чаранын дагы бир өзгөчөлүгү болуп, жогорку курстардын алдыңкы студенттеринин мотивация берүүчү сөздөрү болду. Алар өз тажрыйбаларын бөлүшүп, 1-курс студенттерине кесип тандоодо жана билим алууда ийгиликке жетишүү боюнча кеңештерин айтышты. Салтанаттуу иш-чара шаңдуу маанайда өтүп, жаңы окуу жылынын башаты катары студенттерге зор мотивация берди. Университеттин бардык факультеттеринде жана институттарында Билим күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Бул студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы окуу жылын чоң үмүт менен баштоого шарт түздү. Японтаануу институту тарабынан студенттер үчүн тайко барабандарынын жандуу ойнолду. Бул өзгөчө атмосфера жаратып, келген конокторду таң калтырды. Ошондой эле, музыкалык номерлер тартууланып, институттун ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Иш-чара студенттердин университетке тезирээк көнүшүнө жана окуу процессине ийгиликтүү киришүүсүнө чоң жардам берип, институттун ишмердүүлүгү менен таанышууга жана окуу процессине ийгиликтүү киришүүгө мүмкүнчүлүк берди. Андан сырткары студенттерди тосуп алуу, аларга маалымат берүү жана окуу жүгүртмөсүнө ылайык аудиторияларга жайгаштыруу иштери аткарылды. Андан соң, институт менен тааныштыруу жана студенттерге сабак өтүү уюштурулду. Иш-чаранын соңунда суроо-жооп өткөрүлүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Бул иш-чара жаңы студенттерге институт менен таанышууга жана окуу жылына мотивация алууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.