Колдонмо информатика кафедрасы
2016-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту Физика математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети болуп ѳзгѳртүлгөндөн кийин, «Информатика жана аны окутуунун технологиясы» кафедрасы менен «Колдонмо математика жана информатика» кафедралары биригип, «Колдонмо информатика» кафедрасы деп аталып калган. Кафедра башчысы болуп, т.и.к., доцент Курманбек уулу Т. 2016-2017-жылдары иштеген.
2017-жылдан бери, ф-м.и.д., т.и.д., профессор Бийбосунов Б.И. жетектеп келет.
Информатика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы
Физика жана математика факультетинде информатика боюнча кошумча адистикке кабыл алуу 1988-жылы ишке ашырыла баштаган жана матанализ кафедрасы колдонмо математика жана информатика деп аталып аны доцент А.Искендеров башкарган.
1989 – окуу жылынан баштап информатика жана эсептөө техникасы өз алдынча кафедра болуп уюштурулуп, аны доцент Д.Бекболотов жетектеген.
Бул алгачкы уюшулган кафедрада: ф-м.и.к., доцент Бекболотов Д., т.и.к.Чымбаев А., ф-м.и.к., доцент Рыскелдиев Б, ага окутуучулар Капарова Ү., Аманжолова С.У., Омурбеков А., Токтакунов Т., Апешов Н., Супуев С., Султанганзиева Б. эмгектенишкен.
1999-жылы физика, информатика жана эсептөө техникасы бириктирилип аны доцент М.Токтогулов жетектеген.
2001-жылдын декабрь айынан баштап бул кафедра өз алдынча эки кафедрага бөлүнүп, адегенде «Жаңы маалыматтык технология» андан кийин, «Информатика жана аны окутуунун технологиясы» кафедрасы болуп уюштурулду. Бул кафедраны физика жана математика илимдеринин кандидаты, доцент Дүйшөнкул Бекболотов жетектеп келген.
Колдонмо математика жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо кафедрасы
2002-жылы Жаңы информациялык технологиялар институту уюштурулгандан баштап, «Колдонмо математика жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо» кафедрасы ачылган.
Кафедраны 2002-жылдан 2007-жылга чейин физика – математика илимдеринин доктору, профессор Каракеев Таалайбек Тултемирович жетектеген.
Кафедра жаңы ачылгандан баштап, ошол учурдун талабына ылайык, жаштарга жаңы маалыматтык технологияларды, программалоо тилдерин, программалык камсыздоолорду үйрөтүп, жаш кадырларды даярдоо максатында кафедрада төмөндөгү эки багыт боюнча адистерди даярдап башташкан:
552801.04 Эсептөө техникасын программалык камсыздоо жана автоматташтырылган системасы, адистиги — инженер программист;
630003 Колдонмо информатика – адистиги информатик менеджер.
2007-2013-жылдар аралыгында кафедраны ф.-м.и.д., профессор Бийбосунов Болотбек Ильясович жетектеген.
2013-жылдан 2016-жылга чейин кафедраны ф.-м.и.к., доценттин м.а. Бексултанов Ж.Т. жетектеген.
2011-жылы «Колдонмо математика жана эсептөө техникасын программалык камсыздоо» кафедрасы «Колдонмо математика жана информатика» кафедрасы деп аты өзгөртүлгөн.
2012-2013-окуу жылдары кафедрада профессор Б.И.Бийбосунов, ага окутуучулар Ж.Бексултанов, А.Бегалиев, У.Керимов, Р.Чомонова, окутуучулар Н.Асанбекова, М.Садырова К.Ачакеев, Л.Жанабилова, методист М.Абдувасиевалар негизги орунда иштешкен. Кафедранын курамынын сапатын жакшыртуу иштерин жүргүзүү максатында, сырттан негизги ишине айкаштыруу эсебинде доцент Б.Р.Сабитов, доцент Ж.Баракова, доцент К.Чороев, доцент Курманбек уулу Т. кафедрага алынган. Магистратураны кафедранын окутуучулары Садырова М., Ачакеев К. магистратураны ийгиликтүү бүтүрүшкөн, ага окутуучулары Керимов У., Чомонова Р., Н.Асанбекова аспирантурада окуп башташкан.
Профессор Б.И.Бийбосуновдун кафедра башчысы болуп келиши менен кафедрадагы илимий иштер активдеше баштаган десек болот. Ошол учурдагы кафедра мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы аспирантурага тапшырып, илимий темалары жана жетекчилери аныкталып, илим иштери менен алектене башташкан.